Nokia 2680 slide - Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат

background image

Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө

маалымат

Сиздин аппаратыңыз кайра заряддалуучу батарея тарабынан энергия менен

камсыз кылынат. Бул аппарат менен иштетүүгө бекитилген батарея

төмөнкүлөрдөн BL-4S болот. Бул аппарат төмөнкү заряддоо түзүлүштөрдөн

зарядын толуктандырып иштетүүгө бекитилген: AC-3. Батарея жүздөгөн жолу

кайра заряддалышы мүмкүн, бирок акыры анын иштөө ресурсу түгөнөт. Эгер

күтүү жана сүйлөшүү режимдеринин убактысы демейдегиден байкаларлык

кыскарган учурда батареяны алмаштырыңыз. Nokia тарабынан жол берилген

батареяларды пайдаланыңыз жана батареяны Nokia тарабынан жол берилген,

ушул аппарат үчүн атайын чыгарылган түзүлүштөр менен гана заряддаңыз.

Көрсөтүлбөгөн батарейка же заряддоо түзүлүшүн колдонуу от чыгуу, жарылуу,

батарейканын ичиндеги суюктуктуктун агуусу жана башка коркунуч туулушуна

алып келүүсү мүмкүн.
Заряддагыч модельдин так номери сайгычтын түрүнө карата өзгөрүлүп бериши

мүмкүн. Штепсельдин түрү төмөнкүлөрдүн бири менен аныкталат: E, EB, X, AR,

U, A, C, UB.
Эгер алмаштырылып жаткан батарея биринчи жолу иштетилип жаткан болсо же

узак убакыт бою иштетилбеген болсо, заряддону баштоо үчүн заряддагыч

түзүлүштү кошуу, кайра ажыратуу жана кайрадан кошуу керек болушу мүмкүн.

Эгерде батареянын заряды толук түгөнгөн болсо, заряддалуу деңгээлинин

көрсөткүчү экранда пайда болгонго чейин же чакырууларды жасоого мүмкүн

болгонго чейин бир нече минут талап кылынышы мүмкүн.
Батарейканы алуудан мурда дайыма заряддоо бөлүкчөсүнөн ажыратып,

аппаратты өчүрүү керек.
Заряддагыч түзүлүштү колдонулбаган убакта электр розеткасынан жана

аппараттан ажыратып коюңуз. Толугу менен заряддалган батареяны заряддагыч

түзүлүшкө кошулган боюнча таштап койбоңуз, анткени ашыкча заряддоо

батареянын колдонуу убактысынын кыскаруусуна алып келет. Колдонулбаса

деле толук заряддалган батарея убакыттын өтүшү менен зарядын жоготот.

© 2008 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

29

background image

Батареяны дайыма 15°C жана 25°C (59°F жана 77°F) аралыгындагы

температурада сактаганга аракет кылыңыз. Адаттан тыш температуралар

батареянын батыруу көлөмүн жана колдонуу убактысын кыскартат. Ысыган же

муздаган батареялуу аппарат батарея толук заряддалганына карабастан

убактылуу иштебөөсү мүмкүн. Батареянын иштөө мөөнөтү тоңуу

температурасынан бир топ төмөн температурада өзгөчө кыскарат.
Батареянын кыска туташуусуна жол бербеңиз. Кокустан кыска туташуулар

монета, кагаз бекиткич, калемсап сыяктуу металл буюмдар батареянын оң (+)

жана терс (-) терминалдарына тийип, түз туташууга себеп болгондо болушу

мүмкүн. (Терминалдар батареяда металл сызыктар түрүндө болот.) Мындай

кокустуктар сиз, мисал үчүн, корголбогон батареяны өз чөнтөгүңүздө алып

жүргөндө болушу мүмкүн. Терминалдардын кыска туташуусу батареяны же

тийген буюмду зыяндатышы мүмкүн.
Батареяны отко жакын кармабаңыз, анткени ал жарылуусу мүмкүн. Батареяга

зыян келтирилген учурда дагы ал жарылуусу мүмкүн. Батареяны жергиликтүү

эрежелерге ылайык колдонуңуз. Мүмкүн болсо иштетүүгө берүүңүздү суранабыз.

Кадимки үй чарба таштандысы катары колдонбоңуз.
Батареяны же анын уюкчаларын тышын сыйрып, кесип, ачып, жанчып, бүгүп же

өз өзүнчө бөлбөңүз. Батареядан суюктук аккан учурда анын тери же көзгө

тийүүсүнө жол бербеңиз. Эгер андай кокустук орун алган учурда терини же көздү

көп өлчөмдө суу менен жууңуз же медициналык жардам сурап кайрылыңыз.
Батарейканы кайрадан жасап, чет объекттерди ичине киргизип, сууга же башка

суюктук ичине салып же аларга тийгизбеңиз.
Батареяны туура эмес колдонуу от чыгуу, жарылуу жана башка коркунучту алып

келишип мүмкүн. Эгер аспабыңыз же батарейкаңыз жерге, айрыкча катуу

тегиздикке түшүрүп алсаңыз жана батарейканын соо калганына күнөм болсоңуз,

аны кайра пайдалануудан мурда кызмат ишканасына жарамдуулугун текшерүүгө

алпарыңыз.
Батареяны көрсөтүлгөн максат менен гана колдонуңуз. Иштен чыккан зарядоо

бөлүкчөнү же батареяны эч качан колдонбоңуз. Аларды кичинекей балдардан

алыс кармаңыз.