Nokia 2680 slide - Коопсуздук

background image

Коопсуздук

Бул жөнөкөй көрсөтмөлөрдү окуп чыгыңыз. Аларды сактабоо коркунучка же

мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн. Кошумча маалымат үчүн колдонуу

боюнча көрсөтмөнү толук окуп чыгыңыз.

КООПСУЗ ИШТЕТҮҮ
Колдонууга тыюу салынган учурда же болбосо ал тоскоолдук же

коркунуч жаратышы мүмкүн болгон кезде аппаратыңызды иштетпеңиз.
ЖОЛ КООПСУЗДУГУ БИРИНЧИ ОРУНДА БОЛУШУ ЗАРЫЛ.
Жергиликтүү мыйзамдарга баш ийиңиз. Унааны айдоо учурунда

колуңузду айдоо үчүн ар дайым бош коюңуз. Айдоо учурунда биринчи

орунда жол коопсуздугу болуш керек.
ТОСКООЛДУКТАР
Баардык зымсыз аппараттар иштөөлөрүнө таасир эткен

тоскоолдуктарды кабыл алуу касиетине ээ.
ТЫЮУ САЛЫНГАН АЙМАКТАРДА ТЕЛЕФОНДУ ӨЧҮРҮҢҮЗ
Коюлган чектерге баш ийиңиз. Учакта, медициналык аспаптардын

жанында, күйүүчү май, химиялык заттар же жардыруу коркучуну бар

аймакта телефонду өчүрүңүз.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТЕЙЛӨӨ
Бул өнүмдү атайын даярдыгы бар адистер гана орното жана оңдой

алат.
КОШУМЧА ЖАБДУУЛАР ЖАНА БАТАРЕЯЛАР
Жол берилген кошумча жабдуулар менен батареяларды гана

колдонуңуз. Туура келбеген продукттарды туташтырбаңыз.
СУУГА ТУРУШТУУЛУГУ
Сиздин аппаратыңыздын сууга туруштуулугу жок. Кургак кармаңыз.

© 2008 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

6